2008-жыл, 4, 5 -октябрь

2008-жылдын  4,5 октябрында Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда биринчи болуп түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында  «Чолпон-Жылдыз» Эстрадалык ыр сынагы өттү. Ага 10 мамлекеттин өкүлдөрү катышты:

Азербайжан - Сейран

Алтай - «ТАЛА» тобу

Казакстан - Даулет Болатбаев

Кипр - Доа

Кыргызстан - Ислам Акматов

Молдова - Петр Петкович

Татарстан - Чулпан Ахметзянова

Түркмөнстан - Сердар Хайдаров

Түркия - Берту Джемиль

Чувашия - Ольга Прокопьева

Компетенттүү калыстар тобунун назарына биринчи күнү милдеттүү программалар, экинчи күнү эркин программалар  тартууланды. Катышуучулардын ар биринин  ыры патриотуулугу, өзгөчөлүгү жана чоң берилгендик менен аткарылгандыгы таң калтырды. Олуттуу калыстар тобунун алдында «ким жеңүүчү болот» деген татаал тандоо турду. Жыйынтыгында Түркмөнстандык  Сердар Хайдаров жеңүүчү деп табылды. Ал өзүнүн мукам үнү жана керемет келбети менен  баарын  суктандырды. «Элдин тандоосу» сыйлыгы  алыскы Кипрге «учуп кетти». Анын татына өкүлү Доа - конкурстун бир да  коногун  кайдыгер калтырган жок. «Чолпон-Жылдыздын» катышуучулары  кооз тоолуу өлкө, анын  меймандос эли жана конкурстунжакшы уюштурулгандыгына абдан суктанышты. Конкурсанттардын кобу кийинки жылга катышууга жооп сурашкандыгын белгилей кетишибиз керек. Бир нече өлкөлөр өткөрүү укугу үчүн күрөшүүгө киришти. Айрыкча бул эл аралык конкурстун дебюту Кыргызстанда өткөрүлгөндүгү кубандырбай койбойт. Кайсы жерде өткөрүлбөсүн, анын аты «Чолпон-Жылдыз» боюнча калат.