2008-жыл, 5-август

2008-жылдын 5-августунда Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда биздин өлкөнүн  искусствосунун  жашоосунда жаркыраган окуя болуп өттү. Өтө чоң ийгилик менен Орус Федерациясынын Чоң Театрынын жана Мариинский театрынын алдыңкы балеринасы А.Волочкова жана орус балетинин жылдыздары  - Вадим Буликов, Василий Ефимов, Данила Консурцев, Евгений Иванченко, Наталья Мильченко жана башка катышуусу менен  шоу модерн- концерт болуп өттү. Бул укмуштай концерт программага күбө болгон бардык бактылуу адамдарга  сыйкырдуу таасирин тийгизди. Жогорку жана кереметтүү аткаруучулук чеберчилик өзгөчө  нерселер  менен коштолгон.

Коноктордун ар бири   концерттен таасирленип жатты да, бардыгы бир нерсе менен макул болушту:  «Эч качан бул сыяктуу нерсе көрбөгөм!»