2008-жыл, 8-октябрь

2008-жылдын 8-октябрында Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борбору «Бардыгы асман астында» аттуу Кайрымдуулук  акциясынын  кезектеги этабын өткөрдү.  Жай бою Борбордун аймагында кайрымдуулук кутулары турду. «Келүүчүлөр чын жүрөктөн акцияга катышып, жылуулук менен бөлүшүү  канчалык маанилүү экенин түшүнүшкөнү  бизге  абдан жакты»- дейт Борбордун жетекчиси Нам И.М.

Материалдык жардамдар   Аксуу жана Семеновский  Балдар үйүнө жана  Ысык-Көл районунун Ардагерлер Союзуна которулду.

Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунун, Аксуу жана Семеновский  Балдар үйүнүн  жана  Ысык-Көл районунун Ардагерлер Союзунун атынан акциянын катышуучулуларына терең ыраазычылык билдиребиз. Акча  зарыл муктаждыктарга жана оңдоо иштерине жумшалат.