2009-жыл, 2-сентябрь

2009-жылдын 2-сентябрында Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда «КМШнын жаштары-келечекке көз чаптыруу» аттуу  жаштардын интелектуалдуу форумунун ачылышы болуп өттү.

Анда 20 дан 30 жашка чейинки жогорку окуу жайлардын, жаш окумуштуулардын жана жаштар уюмдарынын 150дөн ашык өкүлдөрү катышты. Алгачкы жолу бул форумда КМШнын  бардык өлкөлөрүнүн өкүлдөрү болду: Азербайджан, Армения, Беларусь, Грузия, Молдова, Орус Федерациясы, Казахстан, Кыргызстан, Таджикистан, Түркмөнстан, Өзбекстана жана Украина. Иш-чара жазуучу жана коомдук ишмер Ч. Айтматовдун элесине арналды.

Долбоордун максаты КМШ мейкиндигинде  жаштардын кызматташуусун өнүктүрүү жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштар   коомдук уюмдарынын ортосундагы мамилелердин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп эсептелинет. Форумдун уюштуруучусу КРдын Маданият жана Маалымат министрлиги. Иш-чара Шериктеш мамлекеттердин Жаштар Жылына арналып КМШ өлкөлөрүнүн мамлекттер аралык гуманитардык фондунун жетекчилиги жана колдоосу менен өттү.

Салтанаттуу ачылыш аземинде Орус Федерация президентинин эл аралык маданий кызматташтыгы боюнча атайын өкүлү, КМШ өлкөлөрүнүн Мамлекеттер аралык гуманитардык  кызматташуу  фондунун  башкармалыгынын тең  төрагасы Швыдкой Михаил Ефимович, КРнын вице-премьер-министри Абдуллаева Өктөмхан Авазовна, КРнын Маданият жана Маалымат министри Раев Султан Акимович,  Өкмөттун астындагы Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо Мамлекеттик агенттигинин жаштар иштери боюнча департаментинин  башчысы Жоробеков Айдар,  Айтматова Роза Торокуловна жана башкалар  катышышты.