2009-жыл, 4-6 июнь

2009-жылы июндун 4нөн 6сына чейин Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда «Мен-капитал» аттуу Эл аралык жаштар форуму болуп өттү. Бул форум «Кыргызстан, Казакстан жана Россия мамлекеттеринин бийликтеги саясий партияларынын жаштар бөлүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыгы жөнүндөгү  Меморандумдун алкагында өттү. Бул иш-чаранын максаты  жаштардын  капиталын өнүктүрүү жана натыйжалуу коомдук кыймыл түзүү боюнча тажрыйба алмашуу болду. Форумда 3 негизги маселе каралды:

Жаштар бизнесте;

Жаштар мамалекеттик эмес сектордо;

Жаштар мамлекеттик кызматта;

Форумдун ишине  Кыргызстандын  алдыңкы жогорку Окуу жайларынын прогрессивдүү жаштарынын  200 өкүлу, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле атайын чакырылган коноктор: Орус Федерациясынын  «Молодая Гвардия Единой России» жана Казакстандын «Нур-Отан»— «Жас-Отан» саясий партияларынын  жаштар канатынын өкүлдөрү жана бул өлкөлөрдүн жаш депутаттары катышты.

Форумдун уюштуруучары:

Элдик «Ак-Жол» партиясынын жаштар комитети;

Кыргызстандын жаштар корпорациясы;

Коомдук «Дени сак муун» кайрымдуулук фонду;

 «Биз   жүрөгүбуз менен шаар учун» коомдук бирикмеси;

  «Дүйнө балдардын көзү менен» коомдук Фонду;