Коттедждер

Биз сиздерди Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Чолпон-Ата шаарына 12 км жетпей Бает айылында жайгашкан «Ак-Марал» эс алуу борборундагы ыңгайлуу коттдждерде эс алып кетүүгө чакырабаз.

Мейманкана 6 орундуу, эки деңгээлдүү 8 коттеджден турат. Ар бир коттедждин биринчи кабаты эс алуу аймагына бөлүнгөн. Мейманканада жумшак эмерек, журнал столдору, 20дан ашык каналы бар сыналгы, кенен холл, кең киребериш жана өзүнчө тазалыкканасы бар.

Мейманкананын маңдайында жайгашкан ашкана муздаткыч, микротолкундуу меш, электр плитасы, 6 адамга ылайыкталган идиш аяк менен жабдылган. Эс алууу багында терезеден байкалуучу ажайып көрүнүштөр, кызматкерлердин аяр жана камкор мамилеси менен коштолот. Меймандос жана ар тараптан билимдүү кызматкерлер сиздин бардык каалооңуздарды аткарууга даяр.

Бухта түрүндөгү уникалдуу суу жээги, кафе, бар, ресторан, ачык жана жабык сүзүүчү жайлар, теннис корту, бийлөөчү жай жана бизнес-борбору сиздердин кызматыңыздарда.

КОНОКТОРДУ ЧЫН ПЕЙИЛДЕН ТОСУП АЛУУ -  БИЗДИН МАКСАТ.

КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!

 

Бает, «Ак-Марал» эс алууборбору,

тел.: +996 777 922 008

instagram