2008-жыл, 24-октябрь

2008-жылдын  24-октябрында  Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда «Ч.Айтматов жана азыркы учур» аттуу Эл аралык форумдун алкагында улуу жазуучунун айкели салтанаттуу түрдө ачылды. КРнын ЖКнин депутаты Сан Б.А. өлкөнүн  патриоту жана жазуучунун чыгармачылыгынын күйөрманы катары улуу адамдын элесин түбөлүккө айкелде  калтыруууну чечти. Эми ар бир келүүчү бул кереметтүү адамды жакшыраак түшүнүп ким экендигин өзүнө ача алат.

Бул биринчи айкелди ачуу аземине КРнын Улуу катчысы Досбол Нур уулу, Туркиянын Маданият министри Эртугрул Гунай, КРнын Маданият министри С.А.Раев, Туризм боюнча агентствонун мүдүрү Т.Ч. Мамашев, Айтматовдун үй-булөсү жана башка коноктор катышты. 

Катышуучулар Сан Борис А. дүйнөлүк адабияттын сүйүүчүлөрү учүн сонун  бир белек кылды деп белгилешти, анткени жазуучу  биздин гана өлкөгө эмес, бүткүл дүйнөлук адабиятка зор салым кошкон. Айтматов өзү айткандай : «Дүйнө сен үчүн канча кылганы  эмес, сенин  ага  канча кылганын  маанилүү болуп саналат».