2008-жыл, 30-август

2008-жылдын 30-августунда Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда жыл сайын өткөрүлүүчү үчүнчү Эл аралык «Оймо» - маданий фестиваль-диалогдун алкагында  «КРдагы Кол өнөрчүлүк секторун өнүктүрүү маселелери» жана «Кыргыз элинин тирүү каада –салттарын жана элдик акылмандыгын көрсөтүүчү сөз ташуу чеберчилигин сактоо» аттуу Тегерек столдор болуп өттү. Эки жолугушуу тең абдан жемиштүү болду.

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир катар чечимдер кабыл алынган. Бул чечимдер жөн гана сөз боюнча кала бербестен милдеттүү түрдө ишке ашырылат деп катышуучулар сөз беришти. Фестивалга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр катышты. Алар үчүн «Рух Ордодогу» Кыргыз айылында  кыргыз элинин каада-салттары менен жакындан таанышуусу болуп өттү. Жасалма эмес чыныгы Тушоо Той, Чач Өрүү, Бешик Той  сыяктуу каада- салттарга катышуу мүмкүнчүлүктөрү болуп, эстен кеткис таасир калтырды.

«Оймо-2008» фестивалы 26-июлдан 3- августка чейин созулуп, кыска убакыттын ичинде  өлкөлөр аркылуу сүйлөшүүлөрдү бекемдөөгө жардам берип, Буюмдар жана идеяларды алмашуу аркылуу  маданияттар  аралык уникалдуу тажрыйбага ээ болду.