2009-жыл, 15,16 июнь

2009-жылдын ,15,16 - июнунда Ысык-Көлдун жээгиндеги Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда жыл сайын өткөрүлүчү Өкмөттөр аралык Комиссиянын  (МПК) ТРАСЕКА 7-жыйналышы болуп өттү. ТРАСЕКА программасына Армения, Азербайджан, Болгария, Грузия, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Румыния, Тажикстан, Туркия, Өзбекстан, Украина өлкөлөрү кирет. Отурумга Европа-Кавказ корридорун өнүктүрүү боюнча көп тараптуу келишимине катышкан өкмөттөрдүн расмий өкүлдөрү, МПК ТРАСЕКАнын туруктуу катчылыгынын окулдору, Европа комиссиясынын, эл аралык уюмдарынын жана каржы институттарынын өкүлдөрү катышышты.

Отурумда талкууланган маселелер: Казакстандын төрагалык мезгил учурундагы эл аралык транспорттук коридор ТРАСЕКАны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, 2008-жылы мүчө өлкөлөрдүн эл аралык транспорттук Европа – Кавказ - Азия  коридорунун  Планын   ишке ашыруусу жана 2015-жылга чейинки стратаегиялык өнүгүүсү, TРACEКA коридорундагы атаандаштыкты жана кошумча жүк агымын жогорулатуу маселелери, ТРАСЕКАны  өнүктүрүүнүн мындан аркы келечеги,Түштүк-Чыгыш огун кеңейтүү , Трансевропалык транспорт тармактарын кошуна ЕС жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө  жайылтуу.

Жыйында Ислам Иран өлкөсүн TРACEКAга толук кандуу мүчө катары, Литва өлкөсүн байкоочу катары кабыл алып, кийинки жыйында төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өткөрүлүп берилди жана TРACEКAга жаңы Башкы катчы шайланды. Отурумдун жыйынтыгында Көрүтүндү резолюцияларга кол коюлуп, Ысык-Көл Декларацясы кабыл алынды.