2009-жылы июндун 4нөн 6сына чейин Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда «Мен-капитал» аттуу Эл аралык жаштар форуму болуп өттү. Бул форум «Кыргызстан, Казакстан жана Россия мамлекеттеринин бийликтеги саясий партияларынын жаштар бөлүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыгы жөнүндөгү Меморандумдун алкагында өттү. Бул иш-чаранын максаты жаштардын капиталын өнүктүрүү жана натыйжалуу коомдук кыймыл түзүү боюнча тажрыйба алмашуу болду. Форумда 3 негизги маселе каралды:
Жаштар бизнесте;
Жаштар мамалекеттик эмес сектордо;
Жаштар мамлекеттик кызматта;
Форумдун ишине Кыргызстандын алдыңкы жогорку Окуу жайларынын прогрессивдүү жаштарынын 200 өкүлу, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле атайын чакырылган коноктор: Орус Федерациясынын «Молодая Гвардия Единой России» жана Казакстандын «Нур-Отан»— «Жас-Отан» саясий партияларынын жаштар канатынын өкүлдөрү жана бул өлкөлөрдүн жаш депутаттары катышты.
Форумдун уюштуруучары:
Элдик «Ак-Жол» партиясынын жаштар комитети;
Кыргызстандын жаштар корпорациясы;
Коомдук «Дени сак муун» кайрымдуулук фонду;
«Биз жүрөгүбуз менен шаар учун» коомдук бирикмеси;
«Дүйнө балдардын көзү менен» коомдук Фонду;