2009-жылдын 5-сентябрында Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда «Азия - эл аралык кызматташтыктын жана тынчтыктын региону» деген ураандын астында «Тогузунчу Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын» салтанаттуу ачылышы болду.
Бул оюндар 2001-жылдан бери жыл сайын Дене-тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо агентствосу , Эл аралык спорт уюмдарынын конфедерациясы жана Кыргызстандын профсоюздар федерациясы менен бирдикте өткөрүлөт.
КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык гуманитардык кызматташуу фонду кошумча жардам берет. Программада оюндардын 15 түрү бар: минифутбол, стол үстүндөгү теннис, сууда сүзүү, суу жээгиндеги волейбол ж.б.
Ачылыш аземинде миңден ашык Кыргызстандык, Казахстандык, Орусиялык, Украиналык, Түркмөнистандык жана АКШлык спортчулар болду.