2009-жылдын 8-июнунда Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда КМШ Парламенттер аралык комиссиянын жыйынынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Бул иш-чарага Украинанын Жогорку Радасынын Вице-спикери Н.Томенко, КМШ ПААнын Кеңешинин Башкы катчысы М. Кротов , Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А. Тагаев жана башка комиссия мүчөлөрү катышты. Жолугушуунун максаты интегралдык процесстерди өнүктүрүү, кызматташтыкты тереңдетүү, аймактар аралык көп тараптуу укуктук базаны түзүү жана аймактык кызматташтыкты тереңдетүү болуп саналат . Тарыхый жетишкендиктерди, мамлекеттүүлүктү жана көз карандысыздыкты сактап калуу маселелери каралды. Өзүнчө талкуулоодо мамлекеттик түзүлүш маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү, мыйзамдык камсыздоо жана анын маданий-гуманитардык блогун түзүү каралды.