2009-жылдын 29-июнунда Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда Президенттик «Жеткинчек» программасынын алкагында XXI Эл аралык «Чыгыш балдары достошот» аттуу балдар конкурсунун фестивалы өткөрүлдү.
Фестивалда Кыргызстандан, Оручиядан жана Казахстандан 25тен ашуун чыгармачыл жамааттардан 500гө жакын балдар катышты. Кыргызстандан фестивалда «Шаттык», «Жаш кыял», «Улыбка», «Байчечекей» ж.б. элдик үлгүлүү ансамблдер катышты.
Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын максаты - Чыгыш элдердин маданиятынын кыймылы, таланттуу жаштар ортосунда кызматташууну жана достукту чыңдоо. Уюштуруучулар КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, балалык жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» Улуттук борбору.