2009-жылдын 31- июлунда Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда ЖККУга мүчө мамлекет башчыларынын расмий эмес Саммити болуп өттү. Саммитте Кыргыз республикасынын Президенти Курманбек Бакиев, Казакстан республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Орус Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев, Беларусь республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Тажикстан республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан республикасынын Президенти Ислам Каримов жана Армениянын Президенти Серж Саргсян катышты. Президенттер жана ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа аллеялар арасы менен сейилдеп, жыйын өтүүчү жайга Ч. Айтматовдун Үй-музейине, келишти.
Талкуулар жабык эшик артында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүү, мындан ары уюмдун натыйжалуулугун иштеп чыгуу жана өркүндөтүү жолдорун талкуулашты, актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуулар болду. Президенттер бирдиктүү маалыматтык саясатты ишке ашыруу боюнча макулдашып жана Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинде ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн туруктуу Эл аралык жаштар борборун түзүү демилгесин колдошту.
Жолугушуудан кийин Орус Федерациясын жана Кыргыз Республикасынын мамлекет башчылары Кыргызстандын аймагында оруссиялык аскердик бөлүктүн калышын жана кошумча орус аскер контингентин жайылтуу тууралуу эки тараптуу келишим - укуктук базаны андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча меморандумга кол коюшту. Президенттер кандай макулдашууларга келгенин Курманбек Бакиев менен Николай Бордюжа Билим казынасынын беседкасында өткөн пресс-жыйынында билдиришти. Жолугушуу сыйлуу коноктордун урматына Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан уюштурулган сый тамак менен аяктады. Тамактануу концерттик программа менен коштолду.