2009-жылы 15-июндан 1-июлга чейин

2009-жылы  15-июндан 1-июлга чейин  «Рух Ордо» Маданий Борборунда (Чолпон-Ата ш.) Казакстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын скульпторлору «Ч. Айтматовдун  чыгармачылыгына арналган» скульптура жана керамика боюнча эл аралык симпозиумга чогулушту. Бул Симпозиум КРнын Жогорку Кенешинин депутаты Сан Борис Анатольевичтин демилгеси менен өткөрүлдү. 

Бул долбоордун уюштуруусуна жана каржылоосуна Борис Анатольевич  камкорду. Аны Ысык–Көл облусу боюнча алгачкы меценаттардын бири десек болот. Бул долбоор эч бир  кирешесиз экенин билип туруп, ал руханий  байлыкты жандандыруу менен алектенди.  Башкалар да  андан үлгү алат   деген ишеним бар.

Ачык асман астындагы экспозиция (көргөзмө) «Рух Ордо»Маданий Борборунда жайгашты. 2009-жылдын 1-июлуна бардык айкелчилер чыгармаларын аякташып» Ч. Айтматовдун Үй-музейин карай бараткан аллеяда жайгаштырылып, чынында комплекстин чөйрөсүно  шайкеш  келген көркөм экспозицияга айланды.

Түрдүү стилде жана ар багытта жасалган айкелдерди биз гана эмес, өлкөдөгү  бардык каалоочулар, баш баккан коноктор  көрө алышат. Айта кетүүчү нерсе, бардык айкелдер элге белек катары бекер калтырылды. Симпозиум учурунда жаралган айкелдер кийинчерээк комплекстин аймагында анын айлана-чөйрөсүнүн эстетикалык шартына ылайыкташтырылып жайгаштырылган. «Рух Ордо» бул Ысык-Көлдун тескей жээгинде жайгашкан  дайыма жаңыртылып туруучу өзгөчө бир жай (музей). Симпозиумдун уюштуруучусу жана башкы демөөрчүсү ОсОО «Сан и Компани».  «ЛИС»  дизайн жана курулуш компаниясы, «Зодиак», «Европа» жана «Аристократ» колдон келген жардамдарын беришти. Борис Анатольевичтин айтканы боюнча: «Бул чыгармачылык долбоордун максаты бардык саясат жана экономикадан өйдө турган  көркөм өнөр аркылуу элдерди бириктирүү». Анын оюу боюнча «Рух Ордо» Маданий Борборунун аурасы чыгармачыл адамдарды улуу иштерди жаратууга шыктандырат,  дем берет.

Симпозиумдун жетекчиси   Адил Сейталиев  белгилегендей: «Ар бир сүрөтчүнүн толгон-токой чыгармачыл идеялары бар, аларды эч бир тоскоолдуксуз (жеке адам тарабынанбы же мамалекет тарабынан бы) иш жүзүнө ашыргысы келет. Бирок дайым эле биз каалагандай боло бербейт. Бул жерде болсо, симпозиумда өзүбүздүн оюбуздай иштоо эркиндиги бар. Бул чыгармачылыктын чыныгы кубанычы эмеспи!»

Симпозиумда айкелчилер чопо жана жасалма таштарга Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарды чагылдырышат. Аларды жөн эле таштарга чагып коюу  туура чечим эмес. Өздөрүнүн улуу жазуучунун чыгармачылыгына болгон  жүрөктүн түпкүрүнөн чыккан эргууну  кармап, анан чагылдыруусу керек. Уюштуруучулардын  милдеттеринин бири айкелчилерге тоонун таза абасын дем алгандай   чыгырмачыл эргүүнүн да абасын жутканча (ансыз чыныгы сүрөтчү-скульптор жашай албайт) , улуу чыгармаларды жаратууга шык бере турган шарттарды  түзүп берүү. Симпозиумда Кыргызстанга жаңы келгендер жана аны жакшы билгендер үчүн, таанымал чеберлер , ошондой эле жаштар үчүн  жаны чыгармачыл мүмкүнчүлүктөр түзүлүп берилген.

Ошентип, жалпы чыгармачылык  өнөркана сүрөтчүлөрдүн ар кандай муундарынын өкүлдөрү гана эмес (эң жашы 20да, эң улуусу 75те), көркөм өнөрдүн ар кандай түрлөрү боюнча  тажрыйба алмашуусун жаратат.  Чеберчилик сабактары ачык мейкиндиктеги сүрөттөрдүн,айкелдердин жана дизайндардын синтездеринин таптакыр башкача жолдорун издөөгө  шыктандырат.

Бул чыгармачылык долбоор ар кайсы өлкөлөрдүн айкелчилер жана сүрөтчүлөрдүн  жемиштүү диалогун  андан ары өнүктүрүүгө өз салымын кошуп, меймандос Кыргызстандын   ажайып кооз жерлеринде ийгиликтүү пикир алмашууларына  жакшы оболго болот.  Симпозиумдун жыйынтыктары боюнча айкелдердин бет ачары өтуп, маалымат китепчеси басылып чыгарылат.

«Рух Ордо» Маданий Борборунда өткөрүлгөн айкелчилердин  симпозиуму жакшы салтка айланат деген ишеним бар. Эл аралык скульптура жана керамика боюнча  симпозиумдун жабылышында катышуучуларды Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин дипломдору, грамоталары, сертификаттары менен салтанаттуу сыйлоо аземи болду.