2012-жыл, 12-июнь

2012-жылдын 12-июнунда Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн шахмат боюнча Экинчи Кубогунун FIDE президентинин байгесине карата оюндарынын салтанаттуу ачылышы КРнын вице-премьери Г.У.Асымбекованын, FIDE Президенти , К.Н.Илюмжиновдун катышуусу менен өттү. Мелдештин катышуучуларынын, меймандарынын майрамдык көтөрүңкү маанайы комплекстин өзгөчө энергетикасынан болду. FIDE Президентинин «Рух Ордодо» айкелдери коюлган Аристотель, Мустафа Кемаль Ататурк да бул оюндун күйөрмандары болгонун жана көп учурда шахмат ойношкондору жөнүндө айтылган сөздөрү, албетте катышуучуларды жакшы оюнга жана жеңишке шыктандырды. Себеби бул байыркы оюн кылымдар бою тактиканы үйрөтүп акыл курчутары айкын жана да «Рух Ордо» Борборундай жаңы чечимдерге үндөп, жаңы көз караштарды туудурат.