2017-жылдын 1-июнунда Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда Кыргызстандагы «Кийиз Дүйнѳ» фондунун жалгыз гана «Кыргыздардын салттуу баш кийимдери» музейи ачылды. Элечектин 11 түрү, калпактын 4 түрү кыргыздардын региондук жана социалдык өзгөчөлүктөрүн чагылдырат.
Бул жерден сиз төмөндөгүлөрду биле аласыз:
-байыркы каада-салттарга жана ырым-жырымдарга байланыштуу баш кийимдер,
-алардын касиеттүү мааниси жана практикалык колдонулушу,
-элечектин кантип оролушу жана калпактын жасалышы.