«Өткөнду коргоо менен келечекти жаратуу» көргөзмөсү

2017-жылдын августунун 5нен 19на чейин Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл) Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» Маданий Борборунда  Ага-Хан өнүктүрүү Тармагынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Ага Хандын маданият боюнча эл аралык коомдук фонду «Роза Отунбаева демилгеси» менен бирдикте «Өткөндү коргоо менен келечекти жаратуу» аттуу көргөзмө болуп өттү. Бул көргөзмө туристтерге, КРнын жарандарына , жергиликтүү калкка жана эс алуучуларга маданий дөөлөттөрдү изилдөөгө шарт түзүп берет, атап айтканда, алар жайгашкан Борбордук Азияда. Алар тарыхый жетишкендиктерди сактоо менен кошуна жамааттарга олуттуу пайда алып келе алышат.