"Сулайман-Тоо"- бүткүл дүйнөлүк мурас объектиси" аттуу көргөзмөнүн ачылышы.

ЮНЕСКОнун материалдык баалуулуктарынын катарына кирген Сулайман-Тоосунун кызыктуу экспозициялары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө  Ысык-Көл областынын жашоочуларына жана дүйнөнүн ар тарабынан келип Ысык-Көлдүн символуна айланган "Рух Ордого" кайрылып кетүүнү адатка айлантып алган туристтер 2018-жылдын 5-июлдан тарта 30-сентябрга чейин ээ боло алышат.

2017-жылы "Рух Ордо" маданий борбору менен Сулайман-Тоо музей комплексинин кыргыздын улуттук баалуулуктарын сактап жана жайылтуу багытында биргелешкен эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн  жыйынтыгында "Рух Ордо" маданий борборунун көргөзмө залында  "Сулайман -Тоо - бүткүл дүйнөлүк мурас обьектиси " аттуу уникалдуу көргөзмө орун алып жатат.

Ыйык Сулайман-Тоосун дал өзүндөй чагылдырган макет геологиялык, археологиялык жана башка экспонаттар Ош музейинин экспозицияларынын бир бөлүгү болуп эсептелинет, ал эми ыйыктыгынын бааалуулугун толугу менен сезип билүүгө сиздерге "Рух Ордо"нун экскурсиясы жардамчы болуп берүүгө даяр.

Аталган көргөзмө өлкөбүздүн көрүнуктүү 2 музей комплекстеринин ортосундагы жемиштүү кызматташуунун башталышы гана болуп эсептелип келечекте өлкөбүздүн тарыхы жана маданиятын колдоп  жана өнүктүрүүгө өз салымын кошоору анык.

6 млн жаран, 7 башка дубан, ондогон шаарлар бирок бардыгыбыздын башыбызды ата-бабалардан келе жаткан баалуулуктар бириктирип турат. Биз болсо ал баалуулуктардын бардыгын сыймыктануу менен келечек урпактарга өткөрүп берүүдөбүз.

Маалымат:

Сулайман-Тоо - Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгышындагы Кичи-Алай кырка тоолорунун этегиндеги түздүктөн орун алып, Керме-Тоо жана Айырмач-Тоо кыркаларынын үзүлгөн абалдагы бир бөлүгү болуп саналат. Сулайман-Тоосу батыштан-чыгышка 1600, ал эми түндүктөн-түштүккө 800 метр аралыкка созулуп жатат. Тоо беш чокудан турат;  Буура –Тоо, Шор-Тоо, Рушан-Тоо, Каттама-Тоо, Ээр-Тоо. Сулайман-Тоо орто кылымдарда «Баракух» деп аталып, ал фарсы тилинен которгондо «жалгыз тоо», «коозкеремет тоо» дегенди түшүндүрөт. Бул тоо байыркы мезгилдерде зороастризм, кийинчерээк орто кылымдардан азыркы күнгө чейин ислам дининин сыйынуучу жайына айланган. Тоодо зыяратчылардын жайына айланган, жаратылыш кубулуштарынан (Карсттык) пайда болгон чоң жана кичине үңкүрлөр,гроттор бар. Булар Эшен-Үңкүр, Кырк-Чилтен, Үр-Кыз, Бешик-Эне, Тамчы-Тамар ж.б.у.с.