Рух Ордо жөнүндө

«Рух Ордо» - Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан   ачык абадагы өзгөчө  музей.

Комплекс  10 чакан музейден турат: «Ч.Айтматовдун музей-үйү», «Кыргыз искусство жана маданият залы»,  сүрөт жана фото галереялары, «Саякбая Каралаевдин чатырчасы»,  «Билим казынасы» жана дүйнөлүк ири конфессияларды, тагыраак айтканда, ислам, католицизм, православие, буддизм жана иудаизм, көрсөтүүчү  беш чиркөө -Кудай баарына бир деген белги катары.

Ошондой эле Комплексте ар түрдүү ыкмалар менен  жасалган  укумдан-тукумга  кылдаттык менен   өтүп турган  кол өнөрчүлүк буюмдары,   ондогон айкелдер жана жүздөгөн  сүрөттөр бар. Ошол эле учурда, «Рух Ордонун» көргөзмө фонду  ар дайым жаңы жана кызыктуу экспонаттар менен толукталып турат.

Гид Комплекс жөнүндө кызыктуу жана толук  айтып берет. Бир жарым сааттык  сапардын аралыгында сиз  Кыргызстандын   тарыхы, маданияты жана жашоо-турмушу   тууралуу гана  билбестен,  ырдап, улуттук бий   бийлеп,  оюндарга, салттарга жана башка көптөгөн нерселерге катыша аласыздар.

  Сиздерди  кайдыгер   калтырбай, сөзсүз жакшы маанай менен узатабыз деп  убада беребиз!

«Рух Ордо» жыл бою ачык. Кош келиңиздер!