Жаа менен атуу

Кылымдар бою көчмөн кыргыз эли кол салуулардан, коргонууга туура келген. Өзүнүн эли-жерин, көз карансыздыгын коргоо - кайраттуулукту, күчтү жана эптүүлүктү талап кылган, ошондуктан кыргыздар  «Моголостан арстандары» деп таанылышкан. Аларды эр жүрөк жоокер жана эң мыкты жаачы деп билишкен.

Чыныгы көчмөндөрдүн жаасын жасоо үчүн тоо текенин мүйүзү, жылкынын тарамышы жана жыгач колдонулган. Бул куралдан атылган ок 500 метр аралыкты багындырып бутага тийген.  

«Рух Ордодо» экскурсия убагында, сиздер көчмөн элдердин маданият-салттары гана эмес  Кыргызстандын тарыхы тууралуу  2 саат ичинде кененирээк маалымат аласыздар. Жоокерлердин эрдиги, алардын ар-намысты туу туткандыгы  Кыргыз элинин кылымдар бою сакталып келип  коз карандысыздыгына жетүүсүнө оболго түзгөн жөнүндөгү баяндар  биздин рухубузду  көкөлөтөт, ал эми сейилдөөнүн этегинде, сиздердин жаа атуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонунуз, жүрөгүнүздө чыныгы көчмөндөр  сезимдерин ойготот.

P.s «Жаа менен атуу» кирүү билетинин наркына кирбейт. Иштөө убактысы эрежесиз. Ыңгайсыздыка кабылбас  үчүн иштөө тууралуу маалыматты алдын ала тактоону өтүнөбүз