Ташка чагылдырылган скульптуралардын «Айтматовдун чыгармаларын утурлай» аттуу симпозиуму.

Ташка чагылдырылган скульптуралардын «Айтматовдун чыгармаларын утурлай» аттуу симпозиуму: скульптура аркылуу   кыргыз классикалык адабиятына  жаңы көз караш. 2017-жылдын 10-августунда   Ч. Айтматов атындагы  «Рух Ордо» Маданий Борборунда  (Чолпон-Ата ш.) ачык асман астындагы музейде  Кыргызстандын скульпторлору  өздөрүнүн чыгармаларын элдин сынагына койду. Айтматовдун үй-бүлөсү улуу жазуучунун өмүр жолун жана чыгырмачылыгын даңазалоого кошкон баа жеткис салымы үчүн  музейге терен ыраазычылык билдирди.

Ар кайсы өлкөлөрдөн келип катышкан  скульпторлор менен сүрөтчүлөрдун  үзүрлүү баарлашууларына оболго түзгөн  Жазуучунун Үй- музейи жана 2009-жылы өткөн эл аралык скульптура симпозиуму аркылуу адамдар залкар жазуучунун чыгармачылыгы менен  жакындан таанышып жана маани манызын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Натыйжада, көп сандаган  коомдук ишмерлердин, Кыргызстандын жашоочулары жана меймандардын көптөгөн   өтүнүчтөрү боюнча, меценат жана өз мекенинин татыктуу уулу – Борис Анатольевич  Сандын демилгеси менен ОсОО «Сан и Компани» экинчи симпозиумду өткөрүү  чечимин кабыл алган, анын байге фонду 1млн.сомду түзүп, ал эми жалпы бюджети 2 млн.сомдон ашты. Жергиликтүү айкелчилерге  колдоо көрсөтүү жана алардын иштерин элге жайылтуу максатында бул симпозиум кыргызстандыктардардын арасында  өткөрүлсүн деп чечим   кабыл алынган.  Тандоо этабында элге аты  кеңири таралган жана да жаңы өсүп келе жаткан таланттар катышышты. Көптөгөн талапкерлердин арасынан финалга  ону тандалып алынды.

«Рух Ордо» үчүн элдерди саясат жана экономика эмес, искусство аркылуу  бириктирүү салтка айланган. Кыргыз элинин байыркы тарыхын, ата-бабалардын мурасын жана бай маданиятын кийинки муундарга калтыруу максатын аркалап «Рух Ордо» материалдуу эмес (руханий) байлыктарды ачуу жана түбөлүктөтүү зарылчылыгын, өз мойнуна алып келет.

Мындай пландарды ишке ашырууда бул симпозиум жаны баскыч болуп калды, себеби Ч. Айтматов ЮНЕСКО тарабынан  эң көп окулуучу заманбап автор деп таанылган. Анын чыгармалары 170 тен ашык дүйнө тилдерине которулуп, элестери болсо таштарда түбөлүк эң мыкты сакталып келет.

Кай бир музейде болбосун, кээде экспонаттардын жанынан жөн гана карап өтүп кетесин, ал эми «Рух Ордодогу» экскурсия мындай көрүнүшкө жол бербейт жана ойлонуп гана кала бербестен  өзгөрүүгө жана өзгөртүүгө түрткү берет. «Качан гана сен өзүң үчүн ачылыш жасап, жүрөгүнө бейпилдик орногондо, ошондо сенин жан дүйнөн тазарат», - деген Ч. Айтматов.

Ташка чагылдырылган скульптуралардын «Айтматовдун чыгармаларын утурлай» аттуу симпозиуму: «Ч. Айтматовдун чыгармаларын утурлай» аттуу ташка чагылдырылган скульптура симпозиуму - тарыхты биз менен бирге  жазыңыз.